Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуПанфилов району 29.04.2019 13:30 На русском

800 миң сомдук форель жоголгон: Чүйдөгү балык чарбанын кароолчусу уурулук учурунда кармалды

Turmush -  Чүйдөгү Панфилов районундагы балык чарбадан балык уурдап жаткан адамдар кармалды. Аларды чарбанын кызматкерлери 28-апрелге караган түнү колго түшүрүшкөн.

Бул балык чарба «Тянь-Шань» ЖЧКга тиешелүү. Ал эми уурулар жергиликтүү тургундар жана шектүүлөрдүн бири ушул эле балык чарбада кароолчу болуп эмгектенип жүргөн.

«Тянь-Шань» - форель» ишканасынын башчысы Аскар Жолдошбек уулу Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, уурулукка кире турган адамдар чарбанын аймагына орнотулган видеокамерага түшүп калбоо үчүн электр жарыгын да өчүрүшкөн.

«Уурулар саат 02:30 чамасында чарбанын ошол учурда көчөгө чыккан кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул ишти пландагандар чарбадагы кароолчулар укташсын деп күтүп турушкан окшойт.
Алар балыктарды бир каптын жарымына чейин толтурууга жетишкен. Мындай окуя биринчи жолу эмес деп болжолдоп жатабыз. Анткени бизде балыктын көлөмү жетпей калган учурлар болгон. Ири балык чарбадан балык уурдоо иштери кышында эле башталышы мүмкүн.

Биздин эң минималдуу эсеп боюнча Тянь-Шань-форель» ишканасынан 800 миң сомго бааланган 2 тоннадай форель жоголгон», - деди директор Аскар Жолдошбек уулу.

Анын айтымында, бул уурулукка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 4 эркек киши кармалды. Алар 30 жаштан 50 жашка чейинкилер. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул жылдын 28-апрелинде болжол менен саат 07:00 чамасында Панфилов РИИБге «Тянь-Шань форели» ЖЧКсына тиешелүү балык чарбасынан балык уурдоо фактысы боюнча кабар келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Панфилов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгисиз адамдар балык чарбадан форелдерди уурдоого аракет кылгандыгы аныкталган.

Кароолчулардын айтканына караганда, 27-апрелден 28-апрелге караган түнү болжол менен саат 03:30 чамасында «Тянь-Шань форели» ЖЧКсынын 25 жаштагы кароолчусу И.Э. белгисиз адамдар чарбадан балык уурдап жатканын көрүп калган. Бул маалда кароолчуну байкаган уурулар изин жашырууга аракет кылышкан. Андан соң кароолчулар окуяны чарбанын жетекчилигине билдирген. Алар милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп, балык уурдоого шектүү адамдардын өздүгү аныкталган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Панфилов РИИБдин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар — 35 жаштагы Т.У. (мурда соттолгон), 42 жаштагы Н.Н. жана 36 жаштагы А.Н. кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Учурда чарбадагы чыгымдын көлөмү такталып жатат.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иш-чаралар жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×