Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЖайыл району 29.04.2019 09:41 На русском

«Кичүү кызым чарчап калды»: 38 жаштагы жубайлар М.Кокталов менен Э.Жаманкулова 9 баланы тарбиялап жатышат

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдовар айылынын 38 жаштагы тургандары — жубайлар Майрамбек Кокталов менен Элнура Жаманкулова 9 баланын тарбиялап жатышат.

Майрамбек Кокталовдун айтымында, он балалуу болушкан, алардын бирөө чарчап калган.

«Келинчегим экөөбүз тең 1981-жылы төрөлгөнбүз. Экөөбүздүн он балабыз бар болчу, эң кичинекейибиз, 5 айлык кызым 2018-жылы көз тийип чарчап калды. Эң улуу балам Бактыбек 2004-жылы, андан кийинки Айпери кызым 2005-жылы, Асема 2007-жылы, Бактияр 2008-жылы, Батыркан 2010-жылы, Азамат 2011-жылы, Акниет 2013-жылы, Айгерим 2014-жылы, Малика 2015-жылы төрөлгөн. Балдарымдын ортолору 1-2 жаштан. Балдарымдын ден соолуктары жакшы. Алардын алтоо мектепте окушат. Үчөө үйдө, бала бакчага алып барууга шарт туура келбей жатат.

Келинчегиме «Баатыр эне» төш белгисин алууга эми тиешелүү документтерди топтоп, айыл өкмөткө өткөргөнү жатабыз. Азыр балдарга 7200 сом жөлөк пул алабыз.

Экөөбүз 2002-жылы баш кошконбуз. Айыл жергесинде жумуш жок, бирок келинчегимди, уул-кыздарымды эч нерседен кем кылбай багууга аракет кылуудамын», - деди ал.

Ал эми балдардын апасы Элнура Жаманкулованын айтымында, мектепке форманы балдардын улууларына гана алып берсе, кичүүлөрү алардын эскилерин кийип барышат.

«7200 сом деле эч нерсеге жетпей калып жатат. Мектепке ар бир бала үчүн 300 сомдон беребиз. Анын жарымын да толук берип бүтө элекпиз. Дагы 3 балабызга ай сайын ысык тамакка 100 сомдон берип турабыз. Мектепке форманы улууларына гана алып беребиз. Кичүүлөрү алардын эскилерин кийип барышат. Антпесе ар бир баланы кийинтүүгө мүмкүн эмес. Чынын айтканда, жашообуз аябай эле оор. Өзүбүз жебесек дагы балдарымдын курсагы ачпасын деп жүрөбүз. Балким айрым адамдар алына жараша балалуу болушпайбы деп айтышар. Бул эми кудайымдын буйругу экен, берем десе ушинтип берет экен. Канча жылдап балалуу боло албай жүрүшөт, демек мунун баары бир гана жаратканымдан», - деди ал.

Айыл тургундары аталган үй-бүлө менен сыймыктанышарын айтышты.

«Бул үй-бүлө менен биз сыймыктанабыз. Ушундай оор шартта жашаса да, балдарды абдан жакшы карашат. Кыргызстандын жарандарынын санын көбөйтүүгө өз салымдарын кошуп жатышат. Мындай ар бир эле үй-бүлөнүн колунан келе бербейт. Акчасы бар, бирок бир баланы тыңыраак чоңойтуп-өстүрө албай жүргөндөр бар. Булар ата-энесинин үйүндө жашашат. Жашоо шарты чынында начар. Майрамбектен кийинки инилери да үйлөнөбүз деп жүрүшөт. Булар он баласы менен башка жакка көчүп, үйдү кичүү инилерине бошотуп бериши керек. Алар болсо сыртта, эки жакта иштеп жүрүшөт. Ушуларга турак үй жагынан жардам болсо жакшы болмок. Мындай бактылуу, көп балалуу үй-бүлө бизде чанда гана болот», - дешти айылдаштары.

Ал эми айыл өкмөт бул үй-бүлөгө жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Майрамбек Кокталовдун үй-бүлөсүнө жардам берем дегендер болсо 0557 04 74 14 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×