Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кант 28.04.2019 20:01

Кантта Пасха майрамы белгиленди

Turmush -  27-апрелден 28-апрелге караган түнү Канттагы Александра Невский чиркөөсүндө Пасха майрамы белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 27-апрель күнү кечки саат 23:00дө коңгуроо кагылып, чиркөөнүн хоры ырдалып, дарбаза ачылды. Андан соң майрамга келгендер Евгений ата менен чогуу чиркөөнүн ичине киришти.

Пасха (грекче pascha – өтүү) – иудей жана христиандардын майрамы. Көчмөн семит уруулары Пасханы алгач жазгы төлгөгө байланыштуу майрамдашкан, кийин алар отурукташканда Пасха дыйканчылык майрамына айланган. 325-жылы христиан чиркөөлөрүнүн дүйнөлүк собору Пасханы Иудей Пасхасынан бир жума өткөн соң, 1-жекшембиде майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алган. Бул 4-апрель менен 8-майдын аралыгына туура келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×