Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЖайыл району 26.04.2019 15:53 Жаңыланды: 26.04.2019 20:02 На русском

Эки жаштагы уулу менен чогуу мерт кеткен жубайлар же кырсык учурундагы көз ирмемдер

Turmush -  Чүй облустук соту Азаттын (аты-жөнү өзгөртүлдү, А.И.Р.) кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Азат 2018-жылы 31-июлда болжол менен саат 06:40 чамасында «БМВ» үлгүсүндөгү унаасы менен Жайыл районунун Полтавка айылында — Кара-Балта—Бишкек унаа жолунда бара жаткан. Ошол учурда карама-каршы тилкеге чыгып, «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Аталган унааны 1980-жылы туулган Самара (аты-жөнү өзгөртүлдү, Т.М.П.) өзүнүн тилкесинде чыгыштан батышты карай башкарып бара жаткан. Жол кырсыктын кесепетинен «Тойота Ист» унаасынын айдоочусу, анын күйөөсү жана 2016-жылы туулган уулу окуя болгон жерден каза болушкан.

Райондук сот Азатты күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркиндигинен жана транспорт каражаттарды айдоо укугунан 3 жылга ажыраткан. Жазасын жатак абакта өтөөсү белгиленген.

Каза болгон айдоочунун атасы соттун бул чечимине макул болбой, апелляциялык арызында соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Азат өзүнүн күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алгандыгын көрсөткөн. Ошондой эле арыздагы айтылгандарга караганда, сотто Азат кылган ишине өкүнгөн эмес жана жабырлануучудан кечирим сураган да эмес. Мындан тышкары кызын, күйөө баласын жана небересин жоготкон ата-эненин жана уулун жоготкон атанын күйүтү сотто эске алынбай, моралдык зыяндын ордун толтуруу каралган эместиги айтылган. Маркумдун атасы 2003-жылы чыгарылган «Тойота Ист» унаасынын базардагы орточо баасын да көрсөткөн. Бирок сот аны көңүлгө албай, токтомдо «унаанын баасы көрсөтүлгөн эмес» деп белгилеген. Ал соттон Жайыл райондук сотунун токтомун өзгөртүп, Азатты 10 жылга эркиндигинен ажыратууну суранды. Ошондой эле моралдык зыяндын ордун жогорку көлөмдө толтуруу боюнча жарандык арызын канааттандырууну өтүндү.

Соттолуучунун айтымында, 2018-жылы 30-августта болжол менен саат 22:00 чамасында Ош шаарынан достору менен чыккан. Унааны өзү башкарып бара жаткан.

«Полтавка айылына жеткенде жол оңдоо иштери жүрүп жатыптыр. Мындан улам айрым жерлери тосулган экен», - деди ал.

Азат бул учурда унааны саатына 40 чакырым ылдамдык менен айдап, жол оңдоо иштери жүргөн жерден өткөндө ылдамдыкты саатына 70 чакырымга чейин жогорулаткан. Анын багытында бир автоунаа бара жаткан. Бул унаанын аралыгы 30 метрди түзгөн. Бир маалда аталган унаанын артынан «Тойота Ист» унаасы чыгып, айдоочу тараптан жүргөн. Бул маалда Азат унаанын тормозун дароо басып, рулду оң тарапка бурганда унаа чайпалып баштаган. Ошондо унааны башкара албай калган. Ал эс-учун жоготуп, андан кийин өзүнө келгенде унаасы жолдун түндүк тарабында түркүктү сүзгөн абалда токтоп турган жана унаанын алдыңкы бөлүгү бүктөлүп, талкаланып калган. Азат жана достору өз алдынча унаадан чыгып, «Тойота Ист» унаасына барышкан. Азат унаанын алдыңкы терезесинин айнектерин сындырган. Андан кийин сүргүл менен байланган колун унаанын ичине киргизип, эшигин ачкан. Рулда аял киши отурган. Бул маалда ал тирүү болгон жана кыңкыстап жаткан. Азат аны досу менен биргеликте алып чыккан. Андан соң эркек кишини чыгарышкан. Унаанын арткы орунунда эч ким болгон эмес. Азат тез жардам кызматын чакырган, ал 15 мүнөттө келген. Бирок тез жардам кызматкерлери унаадан чыкпай, башка дарекке адашып барганын айтып, кайра кетип калышкан. Азат кайрадан тез жардам кызматын чакырган. Алар 1 - 1,5 саатта жетишкен. Фельдшер аял менен эркек киши эчак каза болуп калгандыгын билдирген. Андан кийин Азатты жана анын досторун ооруканага алып кетишкен. Кийинчерээк ЖКККБнын кызматкерлери унаанын салонунда кичинекей бала бар экендигин айтышкан. Бирок Азат аны көргөн эмес.

Жыйынтыгында соттук коллегия Жайыл райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейин Turmush басылмасы былтыр 31-июлда Жайыл районунун Полтавка айылындагы жол кырсыктан бир үй-бүлөдөн 3 адам каза болгондугун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×