Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЧүй району 26.04.2019 14:01

Айыл турмушу: Чүйлүк Н.Дөөлөтбековдун спортчу шакирттери мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Кегети айылынын 36 жаштагы тургуну Нурбек Дөөлөтбеков 6 жылдан бери окуучуларды дзюдо, самбо боюнча машыктырып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, окуучулары ар кандай мелдештерде ийгиликтерди жаратып жатат.

«2001-жылы орто мектепти аяктадым. Окуучуларды спорт менен машыктырганыма 6 жыл болду. 40-50дөй окуучум бар. Алар Казакстанда өткөн эл аралык мелдештерден ийгиликтүү орундарды багынтып жүрүшөт. Учурда Эдил Субанбеков аттуу окуучум Кыргызстандын чемпиондук мелдешинде 2 жолу күмүш медалдын ээси болду. Дагы көп ийгиликтерге жетишип келе жаткан окуучуларым бар. Алардан үмүтүм чоң, келечекте олимпиададан көргүм келет» - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле өзүнүн спорттогу ийгиликтерин айтып берди.

«Өзүм эл аралык бир топ мелдештерди жеңдим. Дзюдо боюнча Кыргызстанда 2 жолу алдыңкы орундарды багындырсам, самбо боюнча республикалык мелдеште 3 жолу күмүш медаль тагындым. Бош убактымда футбол ойногонду жакшы көрөм.

Кичинекей кезимдеги бир окуя эсимден кетпейт. Айылдан шаарга келип, мелдешке катыштык. Биз бир топ балдар болчубуз. Баарыбыз тең жаныбыз тынбаган тентек балдар элек. Анан шаардагы бир машыгуу залга кирип, эч нерседен тартынбай ичиндеги машыгып жаткан балдарды көтөрүп чаап, жүдөтүп кирдик. Шаардык балдар көздөрү алаңдап, четке чыгып тизилип отуруп калышыптыр. Ошондо бул жапайы балдар каяктан келишти деп ойлошту болуш керек. Кебетелерин карасаң дал ушундай ой менен карап турушкандай сезилген (күлүп). Азыр деле балдарымды мелдештерге алып барганда жаңы таанышып көрүшүп жаткан өспүрүм спортчуларды көрсөм ошол кезди эстеп кетем», - деди ал.

Машыктыруучу 1 кыз, 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×