Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 30.04.2019 17:52 На русском

Айыл турмушу: 2-курстун студенти — 63 жаштагы З.Тапаева 6 жылдан бери окууга поезд менен каттайт

Turmush -  Зуура Тапаева 1956-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мурунку Светлая Поляна айылында төрөлгөн. Ал билим алуу үчүн 6 жылдан бери Бишкекке поезд менен каттап келет. Таңкы саат 05:00дө жолго чыгып, 2 саатта окуу жайга жетет. Студент апа менен аймактык кабарчы таанышты.

Зуура Тапаева «Расул Акрам» ислам институтунда билим алат.

«Поезд менен 2013-жылдан бери каттайм. Эртең менен саат 05:00дө Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынан түшүп, шаарга 2 саатта жетем. Кайра кечки саат 17:30да үйгө поезд менен барып калам. Айылыбыздагы мечитте 15 чакты апаларга курандан сабак берип келем.

Келечегимди бир Алладан башка эч ким билбейт. Максатым — билим алып жана билгенимди элге жеткирүү», - деди ал.

Зуура апа үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү.

«Бир эркек, төрт кызбыз. Өзүм үч эркек, бир кыздын апасымын. Он неберем бар. Улуу балам Баткен окуясынын ардагери. Азыр ошол жерде чек арада кызмат өтөйт.

Светлая Поляна орто мектебин артыкчылык аттестат менен бүтүрүп, кийин Фрунзе шаарында полиграфия боюнча билим алгам. 2013-жылы медреседе 2 жыл окуган соң, Кыргызстан ислам университетинде 2 жылдык курста окудум. Азыркы учурда “Расул Акрам” ислам институтунда 2-курста билим алып жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×