Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 23.04.2019 10:41 На русском

«Жеңеке»: Бир сүйүүнүн тарыхына себепкер болгон саясий партия же Жазгүлдүн махабаты

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 29 жаштагы тургуну Аманбек кызы Жазгүл өз бактысын партияда иштеп жүрүп, Нарындагы ресторандан тапкан.

Ал 1990-жылы 29-апрелде Нарын шаарында төрөлгөн. Каарманыбыз жолдошу менен бактылуу үй-бүлө куруп, 3 кыздын апасы болду.

«Жолдошум менен Нарын шаарында бир партияда иштеп жүргөндө таанышкам. Тактап айтканда партиялаштар болуп Нарындагы ресторанга барып, ошол жерден таанышып калганбыз. Жолдошум аталган ресторанда иштечү.

Өзүм белекке гүл алганды жактырам. Жолдошумдун мага берген белектеринин ичинен эсте калганы — тоонун бир кучак гүлү болду. Ошол эсимден кетпейт. Жаңы моделдеги уюлдук телефонду көбү колдоно электе мага сатып берген эле. Бул белегин да унутпайм», - деди ал.

Жазгүл жеңе сыналгынын бузулушуна күнөөлүү болуп калган окуяны унута албайт.

«Жаңы келин болуп келгенде бир окуядан аябай уялгам. 6 жаштагы кайын сиңдим бөлмөдөгү сыналгыны бузуп коюптур (ал кезде спутник антенна жаңы чыгып жаткан кез). Кайын энем «сыналгыны ким бузду?» деп сураганда, кайын сиңдим колу менен мени көрсөтүп койгон. Мен уялып кетип жооп бере албай, бир кызыктай абалда калгам. Ошол окуя такыр эсимден кетпейт. Эмнеси экенин билбейм. Балким катуу уялсам керек», - деди каарманыбыз.

Ал жакында эле Ысык-Ата районунда өткөн «Жыл мугалими-2019» сынагында жеңишке жетишкен.

«2015-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын Жээк айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп жумушка киргем. Азыр деле ошол мектепте эмгектенип келем. Иштегениме баш-аягы 4 жыл болду.

Т.Сатылганов атындагы орто мектебинен, К.Мамбетакунов атындагы педколледжинен ардак баракчаларды алгам. Андан кийин Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн ардак баракчасы менен сыйландым. Мугалимдер арасында өткөрүлгөн спартакиаданын диплому, Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинен алган мактоо баракчаларым бар.

Таятам мугалим болгон. Кичинемден таятамдай мугалим болууну кыялданчумун. Мектепте окуп жүргөндө кийинки жаш муунга татыктуу тарбия, билим берсем деген аруу тилегим бар эле. Ал тилегиме жетип, мугалимдик кесиптин ээси болдум. Бул менин сүйгөн кесибим десем жаңылышпайм. Мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө салымын кошкон, мекенин сүйгөн татыктуу инсандарды тарбиялоого аракет кылам», - деди ардактуу мугалим.

Аманбек кызы Жазгүл Токтогул Сатылганов атындагы №1 орто мектебинде, кийин К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде билим алган. Андан соң С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде педагогика багыты боюнча билимин өркүндөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×