Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЖайыл району 18.04.2019 10:02

5 000 доллар: Милициянын подполковниги кесиптешинен пара алып жатканда колго түштү

Turmush -  Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 15-апрелинде УКМКнын коррупцияга каршы кызматы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чарада Жайыл РИИБдин ыкчам иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жайыл РИИБдин жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгаруу максатында мурда талап кылган 5 000 доллардан калган 40 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалган.

«Милициянын подполковниги Ч.Б.ны кармоо иштери Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган материалдарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында ашырылды», - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Азыркы учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×