Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЖайыл району 17.04.2019 23:56 На русском

Видео — Төө-Ашууда тоннелдин ичин түтүн каптап кеткен

Turmush -  Төө-Ашууда К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичин унаалардын түтүнү каптап кеткенин окуянын күбөлөрү видеого тартып алышкан.

Айдоочулардын биринин айтымында, ал тоннелдин ичине түтүн каптап жаткан учурда унаасын айдап кирген жана тоннелден чыгуу үчүн 20 мүнөттөй убакыт кеткен. Унаалар тоннелге эки тараптан тең киргендиктен тыгын жаралган.



Буга чейин болжолдуу түрдө тоннелдин ичинде унаа кырсыгы катталып, адамдар чыга албай калгандыгы жана анын кесепетинен унаалар топтолуп жатканы айтылып жаткан.

Бирок ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жол кырсыгы болгонун четке кагып, тоннелдин ичинде жүк ташуучу унаа жүрбөй калганын билдирген. Унаалардын кыймылы токтотулуп, 30 мүнөттөн кийин жол ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×