Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуСокулук району 17.04.2019 11:19 На русском

Жаш талант: 17 жаштагы тогуз коргоолчу Сыргак эл аралык класстагы спорт чебери наамын алды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын 17 жаштагы тургуну Сырттан уулу Сыргак тогуз коргоол боюнча эл аралык класстагы спорт чебери наамына татыды.

Жаш талант быйыл Сокулуктагы Бейшеналы атындагы орто мектебин аяктап, жогорку окуу жайлардын биринде билим алууну көздөп турган чагы.

«Албетте, сыйлык, наамды укканда абдан сүйүндүм. Үйдөгүлөр дагы сыймыктануу менен алкоо сөзүн айтышты. Кудайым буюрса, быйыл 11-классты ийгиликтүү аяктап жатам. Эми тестирлөөнүн упайына жараша жогорку окуу жайлардын бирине барам. Негизи компьютердик программаларга кызыгам. Эми дагы байкайбыз го. Ал эми спортту таштабайм. Дагы өркүндөтүп, өстүрө берем», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, ал тогуз коргоол менен 7-классынан бери машыгып келет.

«Мен тогуз коргоол оюнуна 7-классымдан аралашып калдым. Алгач мектептеги тогуз коргоол ийримине жөн эле барып катышып көрдүм. Оюн мага абдан жакты. Агайыбыз Дурусбек Ашимов мектептеги бир топ окуучуну мыкты тогуз коргоолчу кылып машыктыра алды. Анын ичинде мен да бармын. Биз сабактар бүткөндө класска калып, агайыбыз менен 2 сааттай машыгабыз. Андан соӊ үйгө келип, ата-энеме жардам берем. Кечинде бир сааттай машыгам. Ата-энем дагы менин машыгып турушума шарт түзүп, колдоп турушат. Муса Качкынов жана Адилет Бейшеналиев деген классташтарым дагы Чүй боюнча алдыңкы орундарды алып келишет», - деди ал.

Сыргак республиканын ар кайсы райондорунан келген эӊ мыкты деген оюнчулар менен беттешке чыккан.

«Моңголияга жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо туру 1 жума бою өткөрүлдү. Мен республикадагы эӊ кыйын оюнчу деп аталган 16 спортчу менен ойнодум. Ошентип тандоо турдан өткөн соң, Чехияда өткөн мелдешке бардым. 18 жашка чейинкилер арасында 1-орунду, ал эми чоңдор арасында 2-орунду камсыздап келип, кайра эле ошол 2018-жылдын жай мезгилинде Моңголиянын Баян-Улгий шаарына бардык. Ал жакка Кыргызстандан жалпы 40 спортчу барганбыз. Биздин мектептен болсо Миран Сманов экөөбүз барып, мен 2-орунду, ал 3-орунду жеңип келдик. Ал эми былтыркы Көчмөндөр оюндарында 1-орунду багындырдым.

Тогуз коргоол оюну жылдан жылга өнүгүп, ойногондордун да саны көбөйүп бара жатат. Келечекте тогуз коргоол мелдеши байма-бай өткөрүлөт деп ойлойм», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Менден кийин карындашым жана иним бар. Иним футболго кызыкса, карындашым сабактардан мыкты окуйт. Мен болсо келечекте жакшы окуу жайдан бир кесиптин ээси болсом дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×