Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Талас облусуКара-Буура району 16.04.2019 15:02

Айыл турмушу: Казакстанда төрөлүп, Таласка келин болгон Жадыра айым чеберчилик менен алектенүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылынын 34 жаштагы тургуну Жадыра Алмаганбетова 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Казакстандын Тараз шаарында төрөлгөн. Арчагул айылына 2004-жылы келин болуп келген.

«Кайын энемден калган жана сактап жүргөн жакшы тигүүчү машине бар. 15 жылдан бери ушул өнөр менен күн өткөрүп келем. Келин болуп келгенде тигүүчү машиненин ийнесин саптаганды билчү эмесмин. Кайын энем айыл элине таанымал чебер болгон. Мага курак кураганды кайын энем үйрөткөн. Тиричиликти өзү жасап, мени машинеге отургузуп, көптү көрсөтүп, багыт берген. Алгач бул ишти кызыгуу катарында өздөштүрсөм, азыр тикмечилик менен бычмачылык кесибим десем болот.

Кездемелерди Бишкектен алдыртам. Айыл элинен буйрутма беришет. Кездемесин алып, бош убактыма карап тигип берем. Кышы менен курактын кыз курак деген түрүн курап чыктым. Анткени калдык кездемелер көбөйүп кетип, аларды кураштырып чыктым. Кыз куракка кездеме башка курактарга салыштырмалуу 3 эсе көп керектелет. Бирок бул эң бекем курак болуп саналат. Суу курак деп атап алган курак бар. Суу агып жаткандай көрүнөт. Андан башка каттама түрүн дагы курап жүрөм. Оюм түшүрүп, курактарды кураганга камданып, кездемелерин алдырып жатам.

Мен соодалашпайм. Бир куралган жер төшөк 1000 сом болсо, бул менин мээнетиме дал келбейт. Менин кол эмгегимдин баасы жок. Кездемесин алып келсе курап берем. Тиге билген адамга оңой эле. Болгону убакытты алып, колду кармайт, 2-3 күндө бир жер төшөк бүтөм. Кээ бирлердин иш күнү кагаз жазуу менен башталса, менин иш күнүм курак курап башталат. Ар бир таңымды тикмечилик өнөргө арнайм.

Килемчелерди да курайм. Илгери апаларыбыз ак жана кара түстөрдү көп колдонуп келишсе, азыр түстөр көп түргө бөлүнөт. Ачык түстөгү төшөнчүлөр алда канча кооз көрүнөт. Куракчылыктын жаңы багытын дагы өздөштүргөндөн кийин көптөгөн жаштарга үйрөтүүнү көздөп жүрөм. Адамдын колунан бары келет. Ошондуктан мээнеттенип, үнөмдөп, кооз буюмдарды жаратууга болот», - деди ал.

Жадыра айым 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×