Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуКемин району 24.04.2019 23:50 На русском

Жеңеке: 29 жаштагы Үмүт карыган апаларды көргөндө калчылдап, сүйлөй албай, какап-чакап калчу

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынын 29 жаштагы тургуну Болотбек кызы Үмүт жаңы келин болуп келгенде уялчаактыгынан карыган апаларды көргөндө буту-колу калчылдап, сүйлөй албай калчу. Ал кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Каарманыбыз жай мезгилинде Бишкек—Балыкчы унаа жолунун боюнда тамак-аш сатып эмгектенет.

«Жолдошум экөөбүз баш кошуп, бактылуу өмүр сүрүп келе жатканыбызга 9 жыл болду. Жаңы келин болуп келген кезимди эстесем, бир жылмайып алам. Анда мен өтө эле уялчаак, тартынчаак элем. Кайын журттагы кары апаларды көргөндө колу-бутум калчылдап, кулагым эч нерсе укпай, сүйлөй албай, какап калчумун. Азыр кудайга шүгүр, баары жакшы», - деди ал.

Жолдошу Эдил Досумбаев 1987-жылы төрөлгөн. Экөөнүн 3 уул, 1 кызы бар.

«Алгач Айтунук аттуу кыздуу болдук. Андан кийин кудайым бизге Күнболот, Умар, Рамазан аттуу уулдарды берди. Балдарым каникулга чыкканда апама жардам берип, Бишкек—Балыкчы унаа жолунун боюнда тамак-аш сатабыз. Апама ыраазымын. Ал 69 жашта. Бизди буттан туруп алсын деп, каттама, каймагын сатып иштеп келет. Ал эми жолдошум болсо чебер уста. Көбүнчө ээр токум жасайт», - деди каарманыбыз.

Болотбек кызы Үмүт 1990-жылы 15-июнда Чүй районуна караштуу Сайлык айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн.

«Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. 1997-жылы мектеп босогосун аттап, аны 2008-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Андан кийин коллежде 2 жыл билим алдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×