Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Нарын облусуКочкор району 16.04.2019 12:21 На русском

Айыл турмушу: Сүрөтчү Т.Жапаров тал-теректен жаныбарлардын айкелин жасайт (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылынын 50 жаштагы тургуну Таалай Жапаров сүрөт тартып, ар кандай жаныбарлардын айкелин жасайт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Таалай Жапаров тубаса таланттуу сүрөтчү. Ал пейзаж тартууга ыктайт.

«Аталарыбыз тараптан келген өнөр. Жаратылышка чыгып, сүрөт тартууну жактырам. 1992-жылы Бишкек шаарындагы №92 окуу жайды окуп бүткөм. Тарткан сүрөттөрүмдүн көпчүлүгү пейзаж. Тартылган сүрөттөрдү жактырып алып кеткендер бар. Аларды сатып көргөн эмесмин. Айрым сүрөттөрдү музейге өткөрүп берсемби деген оюм бар», - деди каарманыбыз Таалай Жапаров.

Мындан сырткары малдын мүйүзүнөн жана суудан агып келген тал-теректин сабагы, тамырынан жаныбарлардын айкелин жасай алат.

«Айкел жасоо үчүн материалдарды издебейм. Жаратылышка чыкканда эле таап алам. Баарын оюп, кесип убараланбайм. Анткени суудан агып келгендер өздөрү эле жаныбарлардын сөлөкөтүнө окшошуп калат. Бул да кол өнөрчүлүктүн бир түрү болуп эсептелет. Булардан жасалган айкелдер баалаган, түшүнгөн адамга кызыктуу, түшүнбөгөн адамга отун», - деп кошумчалады ал.

Таалай Жапаров мындан сырткары темир устачылык менен алектенет. Күнүмдүк турмушка керектүү буюмдарды темирден өзү эле жасап алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×