Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Токмок 15.04.2019 15:50

Токмокто жеңил атлетика боюнча өткөн биринчиликтин жеңүүчүлөрү сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан чоңдор арасында жеңил атлетика боюнча биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бөлүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган иш-чара Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө, Апрель революциясынын жана Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Токмок индустриялык колледжинин спорт комплексинде өттү. Бул спорттук иш-чарада кыз-келиндер арасында 100, 500, 1500 метр аралыкка, ал эми мырзалар арасында 100, 500, 1000, 3000 метр аралыкка чуркоо, узундукка секирүү жана стол үстүндөгү теннис сыяктуу спорттук оюндардын түрлөрү уюштурулду.

Мырзалар арасында өткөн чуркоо боюнча мелдештин жыйынтыгында 3000 метр аралыкты багындырган Р.Асанканов 1-орунга ээ болду. 2-орунду Я.Василевский, 3-орунду А.Эралиев жеңди. Ал эми 1000 метр аралыкты кайрадан эле Р.Асанканов багындырып, 1-орунду алды. 2-орунду К.Жебрик, жогорудагы аралыкта 2-орунду ээлеген Я.Василевский бул аралыкта 3-орунга ээлик кылды. 100 метрге чуркоодо Р.Соколов биринчи болуп маарага келсе, Э.Барабанов экинчи, Бектур уулу Барсбек үчүнчү келди.

Ал эми кыз-келиндер арасында 1500 метр аралыкка чуркоодо мыкты көрсөткүч менен өзгөчөлөнгөн Д.Дацковская болсо, А.Шайлообекова экинчи, А.Таалайбекова үчүнчү болуп чуркап келип, ийгиликтерге жетише алышты. 1000 метр аралыкка чуркоодо Е.Павленко биринчиликти ээлесе, О.Оренбергер 2-орунду, В.Бабаева 3-орунду алды. 500 метрге чуркоодо кайрадан эле Д.Дацковская баш байгеге ээ болсо, М.Ен 2-орунга жана А.Шайлообекова 3-орунга ээлик кылышты.

Стол үстүндөгү теннис боюнча кыздар арасында 1-орунду С.Холикова, 2-орунду К.Рустамбекова, 3-орунду А.Бекбосунова ээлесе, мырзалар арасында спорттун бул түрүнөн биринчиликти З.Ташмухамедов, экинчиликти Р.Нагаев, ал эми үчүнчү орунду А.Кемелов багындырды.

Узундукка секирүүдө мырзалар арасында Р.Соколов биринчи, Э.Барабанов экинчи, Бектур уулу Барсбек үчүнчү орунду багындырышса, кыз-келиндер арасында Е.Павленко 1-орунду, К.Абылбекова 2-орунду, О. Оленбергер 3-орунду ээледи.

Жогорудагы аты аталган жеңүүчүлөргө диплом жана балуу белектер тапшырылды. Ошондой эле спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Билим берүүнүн отличниги Т.Көбөгөновго жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Ж.Токтоболотовго «Кыргыз Республикасынын спорт ардагери» төш белгиси тапшырылды. Андан сырткары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы менен Ф.Ушунбаева сыйланды. Мындан тышкары Э.Тургуналиев жана М.Адылбековага алкыш кат тапшырылса, Д.Юсупова, К.Нуров, Н.Утешова жана Квон Квангхук ардак грамотанын ээси болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×