Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 15.04.2019 16:53

Ысык-Ата районуна жаңы аким болуп келген Б.Курмановдун өмүр баяны

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна аким болуп 50 жаштагы Байыш Курманов келди. Ал Кант шаарында 1969-жылы төрөлгөн.

Билими:

- 1985-1993-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык институтунан агроном кесибин алып чыккан;

- 1987-1989-жылдары аскерде кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

- 1993-1997-жылдары «Кыргыз алтын» талаачылык бригадасында башкы агроном;

- 1997-2003-жылдары Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2002-жылы Жапониялык эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан Жапониядан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана өнөр жайды кайра иштетүү» стажировкасынан өтүп келген;

- 2003-2006-жылдары Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары;

- 2006-2007-жылдары Айыл чарба министрлигинде ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2007-2018-жылдары «АйКамДан» айыл чарба кооперативинин төрагасы;

- 2004-жылдагы аттестациянын жыйынтыгы менен мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси болгон.

Үй-бүлөлүү, эки уулу, эки кызы бар. Эки неберенин таятасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×