Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 15.04.2019 12:14 На русском

Ысык-Атада дарыгерлер спорттук мелдештерге түшүштү (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан билдиришти.

Маалым болгондой, спорттук иш-чара Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата «Ден соолук баарына!», «Тамекисиз улут» деген ураандын алдында өткөн. Ага үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери, тиш дарыгерлери, кеңеш берүү бөлүмү катышты.

Ошондой эле райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жолдогу айдоочуларга тамекинин зыяндуулугун айтып беришти.

Иш-чарага профсоюз уюму каражат бөлүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×