Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусуМосква району 15.04.2019 10:43

Москва районундагы Чоң-Арык айылында жол чырактар орнотулуп жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу максатында жол чырактар коюлууда. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Алтынбек Мамбеталиев кабарлады.

Анын айтымында, Чоң-Арык айылында 300дөн ашуун үй-бүлөдө 800дөн көбүрөөк жашоочу бар.

«Айылда Карыбек, Сыйдан, Медералы, Сыдыков жана Жумабай көчөлөрү жайгашкан.

Айыл ичиндеги көчөлөрдү жарыктандыруу жаштардын демилгеси менен башталып, жергиликтүү тургундардын колдоосуна ээ болгон. Алгач Сыдыков көчөсүнөн баштадык. Узундугу 2,5 чакырым болгон көчөгө бүгүнкү күндө жергиликтүү жаштардын, жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен 40тан ашык жол чырактар коюлду. Жумуш дагы улантылып, учурда Медералы көчөсүн жарыктандыруу жумуштары жүргүзүлүүдө. Ага болжол менен 20 даана жол чырагы коюлат. Ал эми бир даана жол чырак базар баасында 2,5 миң сомду түзөт. Биз аны өзүбүз сатып келип орнотуудабыз. Бирок көйгөйлөр жаралбай койгон жок. Электр зымдары тартылган айрым мамылар туш тарапка кыйшайып турганы жашоочуларга коркунуч туудурууда. Айыл өкмөтү РЭТке кайрылган. Азырынча тыянактуу натыйжа жок.

Биз жарык берүүчү жабдууларды айылдагы 5 көчөгө тең коёбуз. Ошондо түн ичинде коопсуздук маселеси да чечилет. Айыл көрккө келет. Мындай аракеттер Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылындагы жаңылык катары кабыл алынат. Айыл өкмөттүн башчысы А.Нурбеков жана жайыт комитетинин жетекчиси З.Алымкулов тийиштүү техникалар менен камсыздоодо», - деди айылдык кеңештин депутаты А.Мамбеталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×