Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 13.04.2019 17:15 На русском

Байыш Курманов Ысык-Ата районунун жаңы акими болуп дайындалды

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна аким болуп 50 жаштагы Байыш Курманов келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка өкмөт башчы кол койгон. Жаңы акимди жамаатка кечээ, 12-апрелде тааныштырышкан. Тааныштыруу учурунда 12-апрелде анын туулган күнү болгондуктан 50 жашка толгондугу айтылды. Байыш Курманов буга чейин Ысык-Ата районундагы айыл өкмөттүн башчысы жана Москва районунун акиминин орун басары кызматтарында эмгектенген.

Калмырза Кожомкулов аким болуп 2015-жылдан бери иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×