Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуАламүдүн району 12.04.2019 09:46

Аламүдүндө 5 жаштагы бала каналдагы сууга чөгүп кетти

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 5 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, каналга түшүп кеткен 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу баланы издөөгө 11 куткаруучу тартылган. Кеч болгондугуна байланыштуу жана издөөдөн натыйжа чыкпагандыктан саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулду. Баланы издөө иштери бүгүн, 12-апрель күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×