Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуАламүдүн району 10.04.2019 18:34 На русском

«Буттарым эч нерсе сезбей, арыкка кулап түштүм»: Апрель революциясынын баатырларынын эскерүүсү (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунда 7-апрель күнү райондук маданият үйүнүн алдында Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгына карата митинг-реквием өткөрүлдү. Иш-чарага Аламүдүн районунун акими Алтынбек Намазалиев, айыл өкмөт башчылары, Апрель элдик революциясынын катышуучулары жана райондун тургундары катышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Митинг-реквиемдин катышуучулары ыңкылапта курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюшуп, аларга таазим кылышты. Апрель окуяларында Аламүдүн району боюнча 13 адам каза болсо, 53 киши оор жаракат алган.

Оор жаракат алгандардын бири Гасанов Ридван Юсупович далысына ок тийгенин айтып, ошол кандуу 7-апрелди эскерди.

«Айылдагы балдар чогулуп, кетип бара жатышыптыр (Ала-Тоо аянтына). Аларга кошулуп, мен дагы аянтка бардым. Ызы-чуу болгон элдин арасынан чогуу келген балдарды таппай, адашып калдым. Ошол учурда тарсылдаган автоматтардын үнү чыгып жаткан. Ок тийип жарадар болуп, ар кайсы жерде жаткан адамдарга жардам берип, тез жардамдын унаасына салып жүргөм. Бир маалда аркама таш тийгендей болду. "Аркамды карап койгулачы, эмне болуптур?" деп жанымдагы кишиден сурасам, ок тийип, канап жатканын айтты. Бир аз баскандан кийин эле буттарым эч нерсени сезбей, арыкка кулап түштүм. Ошол жерде жүргөн балдар мени унаага салганын, ооруканага келгенимди элес-булас билем. Наркоз тарагандан кийин ойгонуп, аман калганыма кудайга шүгүр кылдым», – деди ал.

Р.Гасанов 1985-жылы төрөлгөн. Таш-Дөбө айыл аймагынын Бер-Булак айылынын тургуну. Ага «Апрель элдик революциясынын баатыры» жана «Аламүдүн районунун ардактуу инсаны» наамдары ыйгарылып, төш белгилер менен сыйланган. Андан тышкары ай сайын акчалай жардам алып турат.

Апрель окуясынын дагы бир катышуучусу Самыйбек Кыдырмышев Ак үйгө киргени жатканда бутуна ок тийгенин айтып берди.

«Ал күнү эртең мененки саат 9:00 чамасында аянтка тынчтык митингине баргам. Эл абдан көп чогулду. Ошондо эле газ коё берилип, желим октор менен ата башташкан. Ошол убакта жамгыр жаап жатканы дагы жакшы болду, газдан көзүбүз ачышканда бетибизди жаанга тосуп, жууп жаттык. Ак үйдүн дарбазасынан БТР (бронетранспортёр) менен кирели деп жатканда ок абдан көп атылып, бутума ок тийди. Жанымдагы балдар тиземди катуу таңып, унаалардын бирине салып жатканда эсимди жоготтум. Ойгонсом шаардык ооруканалардын биринде жатыптырмын», - деди ал.

С.Кыдырмышев 1956-жылы төрөлгөн. Аламүдүн районунун Дачный айылынын тургуну. «Тынчтык митинги» деп башталган ыңкылапта тизесине ок тийип, төрт жолу операция жасаткан. Экинчи топтогу майып. Өкмөт тарабынан ай сайын белгилүү өлчөмдө акчалай жардам алып, алты айда бир жолу Воронцовка айылындагы ден соолукту чыңдоо борборунда бекер дарыланып турат.

«Апрель элдик революциясынын баатыры» жана «Аламүдүн районунун ардактуу инсаны» наамдары ыйгарылып, төш белгилер менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×