Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусуСокулук району 09.04.2019 16:27 На русском

«Тойота» унаасынан ишкердин ок атылган денеси табылды: Күбөлөр эмне дейт? (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда адамдын ок тийген жансыз денеси табылганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган.

Маалыматка караганда, 9-апрелде саат 08:50 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча тергөө-оперативдүү тобу чыгып, ал жерден 35-40 жаштардагы адамдын ок тийген денеси табылган. Жансыз дене «Тойота» үлгүсүндөгү унаанын арткы отургучунда болгон. Анын колунан 12-калибриндеги ок атуучу курал табылган.

Бул факт каттоого алынган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө эркек ишинин өздүгү аныкталып, ал Шопоков шаарчасынын 39 жаштагы тургуну А.Т. экени белгилүү болду. Ошондой эле ТОЗ-34 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана «Тойота» унаасы каза болгон жаранга тиешелүү экени аныкталган.

Учурда милиция кызматкерлери сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Аскар аттуу күбө билдиргендей, ал 9-апрелде эртең менен уй айдап баратканда унаанын ичиндеги жансыз денени көрүп, милицияга кабар берген.

«Белек айылына бараткан жолдогу каналдын жанындагы мүрзөгө 200 метр жетпей, жол жээгинде боз түстөгү «Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү унаа туруптур. Мен уйларды дайым ушул жол менен айдап өтөм. Унаанын терезесинен карасам, арткы орунда бир киши жаткандай болгон. Жакын барсам башына ок атылган сыяктуу, колунда мылтыгы бар экен. Мен дароо милицияга кабар бердим», - деди ал.

Дагы бир күбөнүн айтымында, «Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү унаада Д.А. аттуу киши болгон.

«Ал Шопоков шаарында жашачу эле, өзү жакшы адам болчу. Бизге көргөндөр башынын жарымы жок экен, 12-калибр менен атыптыр деп айтышты. Ал жеке ишкер болчу. "Кудайберген" унаа базарында унаа тетиктерин саткан дүкөн иштетчү», - деди жергиликтүү тургун.

Маркум эки баланын атасы. Аялы менен жарым жылдан бери жашабай калган.

Кээ бир маалыматтарга караганда, каза болгон жаран буга чейин бир туугандарына өзүн-өзү өлтүрө тургандыгы боюнча билдирген. Анын мындай кадамга барышына аялы менен бир нече ай мурун ажырашып кеткендиги себеп болгондугу айтылууда. Аялы дагы соода тармагында иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×