Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуАламүдүн району 09.04.2019 15:43

Аламүдүн районунда 55 жаштагы Зверик Игорь изделүүдө

Turmush -  Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 1964-жылы туулган Зверик Игорь Владимирович изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 17-февралында саат 10:00 чамасында Садовое айылында жайгашкан фермердик чарбасынан чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 175-180 см, арыкчырай, чачы кыска, көзү көгүш түстө. Бир бутунан аксап басат.

Кийип жүргөн кийимдери: куртка жана шым, көк көйнөк, бутунда кара өтүк.

Игорь Зверикти көргөндөр болсо Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номурлары аркылуу же 102 кызматына байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×