Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Токмок 09.04.2019 13:44

Токмоктогу базардан 6 көйнөк уурдап кеткен эки аял кармалды

Turmush -  Токмок шаарында базардагы контейнерден 6 көйнөк уурдап кеткен эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИБге 28 жаштагы М.С. аттуу ишкер аял арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 2019-жылдын 7-апрелинде Токмок шаарындагы «Булак» базарында жайгашкан контейнеринен белгисиз адамдар 6 даана көйнөк уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү такталууда.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 200-беренесине ылайык (уурдоо) каттоого алынган. Токмок ШИИБдин кызматкерлери аталган кылмышка шектүү эки аялды кармашты. Алар 39 жаштагы М.Г. жана 29 жаштагы А.А. аттуу аялдар экени аныкталган.

Шектүү аялдар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иши башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×