Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Кант 08.04.2019 12:57

Кантта Апрель элдик революциясынын курмандыктары эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Кант шаарында 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага райондун жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана Апрель революциясынын катышуучулары болуп жалпы 150дөй адам катышты.

Эскерүү митингинен кийин элдик революцияда курман болгондорго багышталып куран окутулду. Ошондой эле Ивановка айылында ат оюндары, Сын-Таш айылында курман болгондордун жакындары, үй-бүлөлөрү тарабынан спорттук мелдештер уюштурулду.

Апрель революциясында Ысык-Ата районунан 3 киши каза болгон. Алар — Акылбек Турсуналиев, Чолпонбек Мусаев, Актанов Чыңгыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×