Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуСокулук району 08.04.2019 12:18 На русском

Сокулуктук аял дарыгермин деген алдамчыга 6,5 миң долларын берген

Turmush -  Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген эркек киши кармалганын бүгүн, 8-апрелде Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын февраль айынын аягында Сокулук РИИБге кайрылган жабырлануучу аял өзүн кардиохирург деп тааныштырган Улан аттуу адам чоң суммадагы акчасын алып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген. Анын айтымында, алдамчы 6,5 миң доллар суммасындагы акчаны 2019-жылдын январь айында алып, эртеси эле кайтарып берүүнү убадалаган.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, акчам тергөө иштери башталган болчу. Көп узабай Сокулук РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүнү табышкан.

Шектелген адам мурда да ушундай окуя менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган адам — Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы тургуну У.Ш. экени аныкталды. Милиция кызматкерлери аныктаган маалымат боюнча, шектүү жарандарга өзүн дарыгер деп тааныштырып, ишеничине киргенден кийин чоң суммадагы акчасын алдап алып кетчү. Учурда анын үстүнөн бир нече арыз түштү.

Шектүүдөн жабыркагандар Сокулук РИИБдин кызматкерлерине кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×