Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусу, Кант 06.04.2019 13:49

Кант шаарында 9 балалуу үй-бүлөгө жардам берилди (сүрөт)

Turmush -  Кант шаарында көп балалуу үй-бүлөгө жардам берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Гуманитардык жардам Александр Невский атындагы чиркөөнүн социалдык бөлүмү тарабынан көрсөтүлүп, аларга азык-түлүк жана «Кант» аба базасынын аялдар кеңеши тарабынан кийим-кечектер берилди.

Жардам берилген үй-бүлөдө 9 бала тарбияланат. Алардын улуу кызы 22 жашта болсо, кичүүсү 1 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×