Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 05.04.2019 18:17

«Ичкен суудан малдын өлүгүн көрөбүз»: Букаранын жашоочулары жергиликтүү бийликке нааразы. Айыл өкмөт эмне дейт?

Turmush -  Панфилов районуна караштуу Орток айыл аймагындагы Букара айылынын тургундары атайын лабораториялык текшерүүдөн өтүп, пайдаланып жатышкан суунун таза эмес экенин айтышып, Жогорку Кеңешке, Президенттик аппаратка, өкмөткө кат жолдошкон. Бирок жооп иретинде келген катка тургундар нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл тургундарынын бири — активист Абдиманап кызы Сажиданын айтымында, пайдаланып жатышкан суунун башында фильтр жок болгондуктан, суу менен кошо ар кандай нерселер агып келип, чыла даамданып турат.

«Сууну лабораториялык текшерүүдөн өткөрсөк "90 пайыз кир" деген жыйынтык чыгарышты. Эрте жаздан кеч күзгө чейин суунун башынан мал кетпейт. Суудан малдын өлүктөрүн көрүүгө болот. Ал малдын эмне болуп өлгөнү же ооруганы белгисиз. Тилекке каршы биз ушул сууну ичип, күн көрүп келебиз», - деди ал.

Айылдын дагы бир тургуну Алиса Эгенбердиеванын айтуусунда, алар кат жолдоп кайрылбаган жер калган эмес. Бирок келген жооптор элдин купулуна толбой жатат.

«Бул көйгөй боюнча бир нече жолу Жогорку Кеңешке, президентке, өкмөткө кат жибергенбиз. Бирок тоодой иштер бүткөрүлгөндүгү жөнүндө жазылган каттар келди. Ал каттарда "суу 90 пайыз таза" деп жазылган. Бирок бул жалган. Себеби биздин райондун жетекчилери өкмөткө айылдагы бала бакчанын гана таза суусун жалпы айылдын суусу катары жазып беришкен. Негизи бала бакча гана таза суу менен камсыздалган. Бирок райондун жетекчилери жөнөткөн катта айыл элинин суусу таза эмес экени, бул таза суу бала бакчаныкы экени так, даана айтылган эмес. Биз кайра-кайра кат жазып жатып, суу кайра текшерилгенде суунун тазалыгы "0 пайыз" деп чыккан. Жумушчулар дайыма түтүктөрдүн ичин тазалап турушат. Бирок аларга айлык акы төлөнөт дегени менен жумушчулар акча алыша элек. Алар эртеден кечке түтүккө толуп калган акыр-чикирлерди тазалашат. Эгер аларга эмгек акы төлөнбөсө, жакын арада суусуз калабыз. Анткени ал жумушка эч ким чыкпайт. Сууну күн сайын тазалап туруш керек», - деди Алиса Эгенбердиева.

Ал эми Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Арыков Жогорку Кеңештен, өкмөттөн келген катка өзү жооп бергенин, бирок ал катта айылдын суусу толугу менен таза деп айтпаганын билдирди.

«Суу боюнча "Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңешке жалган маалымат берилди" деп жатышат. Жалган маалымат берген эмесмин. Маалыматты райондук администрацияга мен бергем. Букара айылында 11 км чакырым суу түтүктөрү бар. 2000-жылдары (так эсимде жок) суу реабилитация болуптур. Бирок эч кандай иш аткарылган эмес. "Аткарылды" деп жазып коюшкан экен. 2016-жылы араб өлкөлөрүнүн бир фонду аркылуу суунун башына 700 миң сомго челектер коюлган. Аны дагы "туура эмес койдуңар" деп жатышат. Биз деле колубуздан келген аракетти жасап жатабыз. Ал эми 11 км чакырым түтүктүн баарын тазалап, оңдоого айыл өкмөттүн шарты жок», - деди Э.Арыков.

Анын айтымында, суунун башына фильтр коюлган. Бирок ага ар кандай нерселер туруп калып, суу бүтөлүп калат экен деп алып салышкан.

«Бизде булак жок. Суу каналдан түз келет. Негизи таза суу долбооруна айыл өкмөттөгү үч айылдын ичинен Кумарык айылы гана кирген. Ал эми Букара айылы боюнча дагы Жогорку Кеңешке, өкмөткө каттар жазылды. Бирок долбоорго кирди же кире элек деп даанасын айта албайм. Негизи Букара айылындагыдай көйгөй Кумарык, Тельман айылдарында дагы бар», - деди айыл өкмөт башчысы.

Ал сууну 90 пайыз таза чыкты деп айылдын эмес, бала бакчанын суусу боюнча малымат бергенин кошумчалады.

«Тургундарга "бизге көмөктөшүп, таза суу долбоорун жазышкыла" деп жатабыз. Мен деле бала-чакам менен ушул айылда, ушул эле сууну ичип, жашап жатам», - деди ал.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин кызматкери Малик Мусадиновдун айтымында, Букара айылында курулган суу түтүгү канааттандырарлык эмес.

«Мен өзүм Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинде иштейм жана аны менен бирге Жайыл районундагы Новониколаевка айылынын суу каналынын директорумун. Мага департаменттен "Букара айылынын суу түтүгү кандай жасалгандыгын текшер" деп тапшырма беришкен. Аталган айылдагы суу — бул ачык суу чогултуучу жайдын суусу (открытая каптажная вода). Бир араб өлкөлөрүнүн фонду тарабынан акча бөлүнүп, ага айыл өкмөттүн бюджетинен дагы каражат каралып жасалган экен. Бирок текшерүүгө келгенде курулуш иштери канааттандырарлык эмес болуп чыкты. Суу түтүктөрү андай жасалбаш керек. Арыктан келген сууну лотокко, лотоктон чоң челектерге келгидей кылып киргизип коюшуптур», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×