Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусуПанфилов району 05.04.2019 17:19

Панфиловдо Апрель баатырларына арналган эстеликтин ачылышы өттү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 5-апрель күнү Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүндө Апрель революциясынын баатырларынын жаркын элесине арналган эстеликтин ачылыш аземи өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, айыл тургундары, Апрель революциясынын баатырлары, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Бүгүн эстеликтин ачылыш аземин өткөрдүк. Жогорку Кеңештин депутаттары И.Өмүркулов, О.Алыбаев, Б.Раимкулов жана КРдин президентинин жана өкмөтүнүн иш башкаруучусунун жардамчысы Б.Бообеков катышып, элдин биримдигин, эр азаматтардын эрдигин даңазалаган сөздөрдү айтышты.

Эстеликте баатыр уулдарыбыз Чалбаев Дүйшөнбек менен Султаналиев Эмилдин аттары жазылып турат. Мындай ишти жүзөөгө ашырып жаткан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирүү атуулдук парзыбыз», - деди ал.

Бул иш-чарада окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Анда патриоттук духтагы обон-күүлөр жаңырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×