Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.04.2019 12:09

Ысык-Ата районунда 2 гектар аянттагы камыш күйүп кетти

// «Репортер АКИpress»

Turmush -  Ысык-Ата районунун Сары-Жон жана Чоң-Далы айылдарынын ортосунда ачык аянтта 2 гектардагы камыш күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска чыңалуусу себеп болгон.

Ошондой эле Сокулук районунун Арал айылындагы үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйдү. Бул кырсык дагы электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×