Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 05.04.2019 10:53

Панфиловдун Букара айылында жаңы ФАП ачылды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орток айыл аймагынын Букара айылында жаңы ФАП ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөт башчысы Эркин Арыковдун айтымында, буга чейинки ФАПтын абалы өтө начар болчу.

«Буга чейинки ФАПтын абалы өтө начар эле. Жергиликтүү тургундар коңшу айыл Эркин-Сайга барып дарыланышчу. Ал эми жаңы ФАПтын долбоору 2017-жылы АРИСтин программасына кирген. Быйыл толугу менен бүтүп, ишке берилди.

Айыл өкмөт тараптан жер жана документтерге 219 000 сом жумшалса, АРИСтен 2 млн 11 миң сом каралган», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×