Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуСокулук району 04.04.2019 21:04

Сокулуктагы Жаңы-Пахта орто мектеби электр жарыгысыз калды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагындагы Жаңы-Пахта орто мектебинин трансформатору күйүп кетип, окуучулар бир жумадан бери электр жарыгы жок билим алышуууда. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мария Оморова билдирди.

«Өткөн ишемби күнү катуу шамалдын кесепетинен биздин мектептин трансформаторунда күчтүү чыңалуу болуп, күйүп кетти. Бир жумадан бери мектепте электр жарыгы жок. Аны оңдоо үчүн 50 миң сом керек экен. Айыл өкмөт тараптан эч кандай чара колдонулбай жатат. Биз окуу жылынын аягына чейин электр жарыгы жок отуруп калабызбы деп коркуп жатабыз», - деп билдирди ал.

Ал эми Жаңы-Пахта айыл өкмөт башчысы Ниманшо Абдусаторов бул боюнча төмөнкүдөй билдирди.

«Биз кечээ атайын адистерди алып барып текшерткенбиз. Бүгүн болсо трансформаторду жүк ташуучу унаага жүктөп, оңдоочу жайга алып барабыз. Ал жакта даяр, иштеп турган трансформатор бар экен. Ошону ордуна алып келип орнотобуз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×