Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуСокулук району 04.04.2019 18:17

Мечиттеги дааратканага акы төлөп киргендер нааразы. Чүйдүн казыяты эмне дейт?

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан автоунаа сатуучу «Азамат» базарынын жанындагы мечиттин дааратканасында эс алуу күндөрү акы алынып жатканын күбөлөр билдирип, нааразы болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Буга чейин бул мечитте мындай акы алынчу эмес. Дүйнөнүн бир дагы жериндеги мечитте мындай көрүнүш жок. Дааратканага акча төлөп кирүү бул туура эмес. Анткени бул мечит. Биз даараткана үчүн акча алып отурган кишиден сураганыбызда, ал Чүй облустук казыяттан ушундай чечим кабыл алынганын айтты», - деп билдиришти күбөлөр.

Ал эми Чүй облустук казыятынын өкүлү Ташболот ажы төмөнкүдөй жообун берди.

«Биз ал жакка жаңы имам алып барып шайладык. Ал жерде акы дем алыш күнү гана алынат. Анын себеби бар. Өзүңөр билгендей, дем алыш күнү автоунаа сатуучу базарда киши батпай, быкылдап калат. Миңдеген киши ары-бери өтөт. Ошонун баары бекер даараткана деп кире беришет. Даараткана тез эле толуп, аны улам тазалаш керек болуп калат. Ал чогулган акча деле даараткананы тазалап кетчү унаанын акысын толук жаппайт. Болбогон гана акча чогулат. Акы алуунун болгон себеби ушул.

Ошондой эле сатуучулар унааларын көрүнгөн жерге токтотуп коюуда. Мындан улам ар кандай тоскоолдуктар жаралууда. Ошол маселени да жолго коюп, иретке келтирип беришсе жакшы болмок», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×