Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 04.04.2019 17:43

Панфиловдогу А.Осмоновдун сейил  багына эмне үчүн чоң таштар коюлган? (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплекси жайгашкан. Анда Алыкулдун эстелиги, музейи, амфитеатр сахнасы менен, боз үйлөр жана башкалар бар. Ошондой эле сейил багында арчанын түрлөрү, бак-дарактар жана башкалар өстүрүлгөн. Мындан сырткары сейил бакта чоң таштар да жайгашкан. Чоң таштардын кандай максатта коюлгандыгы тууралуу комплекстин директору, акын Нуритдин Жумалиев аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мындай элести берүү максатында чоң таштар коюлган. Бул идеянын автору — Каптал-Арык айылынын 72 жаштагы тургуну Таштанбек Иманбеков.

Келечекте азыркы жаш арчалар жетилгенде таштар менен бактын ортосунда нукура жаратылыш айкалышын бере алат. Азыркы топ-топ болуп жаткан чоң таштар айрымдарга одоно көрүнгөнү убактылуу эле жагдай», - деди директор Н.Жумалиев.

Анын айтуусу боюнча, комплекстин жалпы аянты 3,2 гектар. А.Осмоновдун музейинин ичинде акынга тиешелүү буюмдары, китептери, сүрөттөрү жана башкалар бар.

«Сейил бактын ичиндеги чоң таштарды көргөн айрым атуулдар түрдүү ойлорду жаратышат. Айрымдары бул таштарды алып салууну сунушташат. Негизи бул чоң таштар 1990-жылдардын орто ченинде Ысык-Көлдөн атайылап алынып келген. Ал сейил бактын 4 жерине топ-топ болуп коюлган. Залкар акын А.Осмонов өз кезегинде поэзия саптарын жаратканда көгүлтүр көлдөгү чоң таштарга отуруп, теребелге көз чаптырып кыялданчу экен», - деди ал.

Аталган комплекске Алыкулдун күйөрмандары, окурмандары, чет элдик туристтер, студенттер, мектеп окуучулары, жаңы үйлөнүп жаткан жаштар жана башкалар байма-бай келип турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×