Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуКемин району 04.04.2019 16:38

Айыл турмушу: Мугалим Азем Жузупова аз жерден Кызыл китепке кирип кала жаздаган (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынын тургуну Азем Жузупова мектепке жумушка жаңы кирген жылы унутулгус ачык сабак өткөн. Сабак бүткөндөн кийин мугалимдер жамааты «сени кызыл китепке киргизиш керек экен» деп айткан.

«Мектепке жумушка киргенде, тактап айтканда биринчи окуу жылынын ортосунда ачык сабак өтөсүң деп калышты. Планымды карасам, кайталоо экен. "Чейрек чыгарына аз калыптыр. Биринчи окуу жылында канча тема өтсөм, ошонун баарын кайталайт экенмин" деп ойлондум. Акыркы беш теманы кайталап, ачык сабак өттүм. Ошондо агай-эжейлер аябай күлүшкөн. "Сени Кызыл китепке киргизиш керек экен. 45 мүнөттө беш теманы өтүп, кайталатып салдың" деп айткандары эсимден кетпейт», - деди ал.

Жаш мугалимдин айтымында, сүйүктүү кесибин аркалап баштаганына 3 жыл болду.

«Өзүм Нарын районуна караштуу Куланак айылында Абдылда Аралбаев атындагы орто мектепте окугам. Учурда Жаңы-Алыш орто мектебинде эмгектенип жатам. Жамаат менен иштешүү мен үчүн оор болду. Анткени ар бир адамга ар түрдүү мамиле кылуу зарыл. Азыр чогуу иш алып барып, бири-бирибизге жардам берип турабыз. Ошондой эле мен өзүмдүн кесибимди сүйөм. Окуучуларымдан келечекте мыкты инсандар чыкса экен. Ошолор өлкөмдүн келечегин оңдоп кетишсе экен деп тилек кылам», - деди ал.

Азем Жузупова үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×