Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 04.04.2019 12:58

Панфиловдо Апрель баатырларына арналган эстелик ачылат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүндө 7-апрель — Элдик революциянын күнүнө карата Апрель баатырларына арналган эстелик ачылат. Мындай кабарды Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Эмир Аманкулов аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, учурда эстелик орнотулуп, анын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары кызуу жүргүзүлүүдө. Тактап айтанда, айланасы тосулган бетон тосмолор, бак-дарактар акталып, арча, карагайлардын жаш көчөттөрү отургузулууда. Мындан сырткары балдар аянтчасы да курулуп, айланасы иретке келтирилет.

«Апрель революциясынын баатырларына арналган эстеликти ачуу эртең, 5-апрелге пландаштырылууда. Биздин райондон Чалбаев Дүйшөнбек жана Султаналиев Эмил Апрель революциясында баатырларча курман болгон. Биз алардын жаркын элесине таазим кылып, эстелик ачуунун алдында турабыз. Ачылыш аземи күнү жалпы эле курман болгондорго арналып куран окутулат. Ага карата даярдык көрүүдө жеке ишкерлер өз салымдарын кошуп, башкаларга үлгү болууда. Бул күнкү даярдык көрүү жана уюштуруу иш-чарасындагы ишембиликке айыл өкмөттүн кызматкерлери жана Апрель революциясынын катышуучулары катышууда. Биздин мындай аракеттерди президентибиздин "Апрель революциясынын 10 жылдыгын өткөрүү жөнүндөгү" жарлыгынын негизинде жүргүзүлүп жаткан иштер катары да баалоого болот», - деди айыл өкмөттүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×