Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуМосква району 03.04.2019 17:19

Айыл турмушу: 66 жаштагы Х.Дадажанов курама  арматуранын даярдалышы тууралуу айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Хабибула Дадажанов Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылынын 66 жаштагы тургуну. Ал Кыргызстанда алгачкылардан болуп курама арматуларды чыгара баштаган. Анын ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, курама арматура жаңы технологиялык жабдуулар менен ишке ашырылат.

«Бул жаңы технологиялык жабдууларды чет мамлекеттен 2017-жылы алып келгенбиз. Учурда алгачкы арматураларды чыгара баштадык. Албетте, бул курама арматура жөнүндө айрымдардын түшүнүгү азыраак. Ал төмөндөгүдөй тартипте даярдалат. Алгач айнек аралашмасындагы жиптер темир көзөнөкчөлөрдөн өткөрүлөт. Андан соң химиялык заттар аралашмасы менен кошулуп, оролуп, жылуулугу 400 градустагы печкага кирет. Түтүкчө аркылуу муздак сууга барат да катуу абалга келет. Бул жумуштар компьютердик башкаруу менен жүргүзүлөт. Ошентип, курама арматура даярдалат. Биз бир нече жолу сыноодон өткөрдүк. Ал темир арматураларга караганда жеңил, арзан жана алып жүрүүгө ыңгайлуу. Айыл чарба жана үй тиричилигинде колдонууга пайдалуу. Айнек аралашмасы болгондуктан сынбайт, өңү өзгөрүп да кетпейт. Башкаларга караганда арзан да турат. Анын диаметри 4-16 миллиметрге чейин кардардын тандоосу менен жасала берет. Эгер бардык тиешелүү каражаттар жетиштүү болсо, бир күндө 2 миң метр узундуктагы курама арматураны чыгарууга болот. Мен бул иштерди 37 жаштагы Артем Бабыкин менен биргеликте аткарып келем. Ал Москва мамлекеттик университетин аяктаган. Кесиби инженер-технолог», - деди ал.

Х.Дадажанов: «Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Каражатыбыздын аздыгынан толук кандуу ишке кире албай жатабыз. Цехке баруучу жолго болжол менен 40ка жакын унаа шагыл төктүргөнбүз. Эми аны тегиздөө иштери бар. Жергиликтүү жетекчилер жакындан жардам берсе жакшы болот эле. Себеби, бул райондогу жаңылык. Инфратүзүмүн, экономикасын көтөрүүгө салымын кошмок», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×