Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусу, Кара-Балта 03.04.2019 16:18 На русском

Кара-Балтада иштебей калган жол чырактын айынан «Лексус» менен жол тандабас кагышты. Сүрөт

Turmush -  Кара-Балта шаарынын борборунда иштебей калган жол чырактын айынан «Лексус» менен жол тандабастын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган кырсык бүгүн, 3-апрелде саат 14:30 чамасында Карл Маркс менен Кожомбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Болжол менен «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаасы негизги жолго чыга калып, жип менен кагышкан. Анын кесепетинен «Лексустун» алдыңкы бөлүгү талкаланган. Бул унаада айдоочудан тышкары кичинекей кыз дагы болгон. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Аталган жолдогу жол чырак электр энергиясы өчүрүлгөндүктөн иштебей калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×