Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуЖайыл району 03.04.2019 12:31

Бишкек—Ош унаа жолунда түшкөн кар көчкү толук тазаланды

Turmush -  Кечээ, 2-апрелде Бишкек—Ош унаа жолунун 208-чакырымында (Жайыл району) түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 900 метр куб кар көчкү саат 02:30 чамасында түшкөн. Анын ичинен 60 метр куб кар унаа жолго жеткен. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Жолду тазалоого №9 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Анын жардамы менен кар толук тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×