Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуМосква району 03.04.2019 11:19

Москва районунда жол боюндагы көрнөк-жарнактар иретке келтирилүүдө (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айыл аймагында жол боюндагы көрнөк-жарнактар иретке келтирилүүдө. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди айыл өкмөттүн адиси Азамат Исабеков аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары райондо жаз алды менен башталган. Бүгүнкү күндө Петровка айыл өкмөтүнүн жашоочулары жол боюндагы көрнөк-жарнактар илинүүчү такталарды актап, сырдап иретке келтиришүүдө.

«Петровка айыл аймагында көп улуттуу калк жашайт. Алар негизинен айыл чарба жумуштары менен эмгектенишет. Биздин аймак Бишкек—Кара-Балта каттамында жайгашкандыктан жол боюнда түрдүү көрнөк-жарнактар орнотулган. Аларды иретке келтирүү жергиликтүү тургундардын милдети. Ар ишемби, жекшемби күндөрү айыл эли демилге көтөрүшүп, массалык түрдө ишембилик өткөрүшүүдө. Ал эми жуманын башка күндөрү айыл өкмөтү өз алдынча уюштуруу иштерин жүргүзүп, таштандыларды тазалоо, бак-дарактарды жана көрнөк жарнактарды актоо, сырдоо жумуштарын жүргүзүп келебиз. Албетте, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында ар бир айылдын тургуну өз салымын кошуусу зарыл. Элибиз "эшигин көрүп, төрүнө өт" деп салттуу, нарктуу сөзүн айтып келген. Бардык тазалык жолдон башталат. Жолдорубуз жаркырап, көрктүү болуп, көрнөктөр, бак-дарактар акталып, сырдалып турса бизге да, жүргүнчүлөргө да жакшы маанай тартуулайт. Биздин мындай жумуштар күн сайын уланууда», - деди А.Исабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×