Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуКемин району 15.04.2019 23:07 На русском

«Жеңеке»: Эжесинин туулган күнүндө өз бактысын тапкан С.Мажитованын келиндик доору

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун 33 жаштагы тургуну Санта Мажитова өз бактысын эжесинин туулган күнүндө тапкан. Ал жаңы келин болуп келгенде кайын журтундагы улуу кишилерди тергеп айтуу керектигин билген эмес. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келет. Диана, Актан, Камила, Алинур аттуу уул-кыздарыбыз бар. Жолдошум менен баш кошуп, бактылуу үй-бүлөнү куруп, бирге жашаганыбызга 13 жыл болду. Экөөбүздүн таанышкан күнүбүз да кызык болгон. Эжемдин туулган күнүнө үйүнө барып калдым. Ал күнү жездемдин теңтуштары, аяштары дагы конокко келишкен экен. Алардын ичинен эки досу бойдок болчу. Бирок башка досторунун аялдарын калп эле "биздин аялдарыбыз" деп айтып жатышкан. Көрсө алардын баары бизди тааныштыруу жана мени көрүү максатында чогулуп жатышкан экен.

Жолдошумдун туулган күнү 17-февралда. Ошол күнү экөөбүз үйлөндүк. Улуу кызыбыз кийинки жылы 16-февралда жарык дүйнөгө келди.

Жолдошум токтоо, оор басырыктуу, бир нерсеге жини келсе сүйлөбөй коет. Алдын ала план коюп, иштерин жасайт. Жумушуна жоопкерчиликтүү.

Мага көп эле белектерди берет. Көбүнчө үйгө керектүү белектерди алып келет. Төртүнчү баламды төрөгөндө төрөтканага гүл жана башка белектерин көтөрүп барып, "мага төрт баланы төрөп бергениңе ыраазымын" деп айткан», - деди ал.

Каарманыбыз келиндик доорундагы окуяларын дагы айтып берди.

«Жаңы келин болуп келгенде башка үй-бүлөгө көнүп кетүү бир аз оор болот. Мен ушул жерден жаштарга айтар элем, бардык жакшы нерсенин башталышы оор болот. Аны жеңип чыксаңар бактылуу болосуңар. Кээ бирлер кичине эле оорчулук болсо эки жолго түшүп жатышат. Бул өкүнүчтүү.

Мен жаңы келин болуп келгенде эсте калган окуялар көп эле болду. Анын бирин айтып берейин. Барган жериңде улуу кишилердин атын атап айтпаш керек экен. А, мен аны билген эмесмин. Бир күнү айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна ымыркайыбызды алып бардык. Кайын энем экөөбүз барганбыз. Дарыгер "кимдин келини болосуң?" деп сураса, мен эч нерсени ойлонбой туруп, кайын атамдын атын так, даана атап салдым. Ошол жерден кайын энем "кайын атасынын атын атабайт, тергеп айтыш керек" деп урушуп койду. Кайын журттагы улуу кишилерди тергеп айтыш керек экенин ошондо билгем», - деди ал.

Санта Мажитова 1986-жылы 13-январда Кемин районуна караштуу Жол-Булак айылында төрөлгөн.

«Атам мал доктуру болсо, апам тарых мугалими. Өзүм беш бир тууганмын. Жол-Булак айылындагы мектепке 1992-жылы кирип, аны 2003-жылы аяктагам. Аталган жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине барып, аны 2009-жылы бүтүрүп чыктым», - деди ал.

Каарманыбыз ар кыл сынактарга катышып, талыкпай эмгектенүүнүн арты менен бир топ сыйлыктарга ээ болуп келет.

«Айылдык кеңештин, айыл өкмөттүн ардак баракчалары менен, "Жыл мугалими" сынагына катышкандыгым үчүн райондун грамотасы жана мыкты жазылган доклад үчүн илимдер академиясынын грамотасын алгам.

Эмгек жолумду Жаңы-Алыш айылындагы Т.Абдымомунов атындагы мектептен баштадым. Эмгек жамаат менен тез эле тил табышып кеттим десем болот. Улуу мугалимдердин акыл-насааттарын угуп, бири-бирибизге сый мамиле кылабыз. Алар менин экинчи үй-бүлөм десем жаңылышпайм», - деди Санта жеңеке.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×