Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 02.04.2019 15:27

Айыл турмушу: С.Ященконун 100 аары үй-бүлөсү жылына 1,8 миллион сомдук киреше алып келүүдө

Turmush -  Балчы Сережа Ященко Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарынын 52 жаштагы тургуну. Ал учурда райондогу Вознесеновка айылында бал чогултуу менен эмгектенет. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кыргызстанга көчүп келгенден бери бал аарычылык менен алектенем. Менин аарыларымдын тукуму — карпат. Бул Украинада эң көп колдонулат. Башкаларга караганда тынчтыкты каалаган, бирөөгө кол салуудан алыс аарылар. Алар мени кийимимден эле таанышат. Мен кадимкидей беткап кийбей эле аралап жүрө берем. Эгер бейтааныш адамдар келсе, аларды сезишет. Бирок чакпайт. Эгерде атыр, самын же спирттик ичимдик жыттанган адамдар араласа, кадимкидей чочулашат. Булардын жашоосу өтө кызык. Бир үй-бүлөдө 60 миңге жакын аарылар жашайт. Өтө эмгекчил келишет. Күндүз 3-3,5 чакырым аралыктан бал корун ташышат. Кадимкидей бал челектин оозунда кароолдору турушат. Эгерде бал азыгын алып келбеген же сапаты начар болсо, алар уясына киргизбейт же тиштеп өлтүрүп коюшат. Эне аары баарын көзөмөлдөп турат. Аны ар жыл сайын алмаштырып туруу зарыл. Ошондо гана сапаттуу жана көп бал алууга болот. Эне аары уядан чыкпайт. Бир үй-бүлөдө бир гана эне аары болот. Ал эми трутиндери миңге жакын жашай берет. Алар сыртта да, уяда да иш кылышпайт. Мындайча айтканда, жалкоо аарылар. Эне аарылар 3 жылга чейин жашайт. Ал эми "жумушчулар" 35 күн гана жашайт. Бал аарылар суу издеп өтө деле убара болушпайт. Эртең мененки чөптөргө түшкөн шүүдүрүмдөн сууну уясына тынымсыз ташып алат. Алар түндөсү укташпайт. Түнү менен күндүз ташыган бал азыктарын сууда тазалашат. Ошондон улам түн ичинде бал челектин ичинен гүүлдөгөн үн чыгып турат. Алардын жашоосу өзүнчө жомоктогудай», - деди бал аарычы.

Анын айтымында, 1980-жылдардын орто ченинде Украинадан Кыргызстанга көчүп келген. Бирок бал аарычылык кесипти 12 жашынан өздөштүрүп, атасынан анын сырларын үйрөнгөн. Учурда 100 үй-бүлө (ящик) бал аарысын багат. Бал аарылардын жашоосу адамдарга окшошуп, бирок тартиби, мыйзамы өтө катуу экендигин айтат.

«Мына, эсептек көрөлү. Бир жылда бир бал челектен болжол менен 100 кг бал өндүрсөк болот. Ар бир кг бал 180 сомдон сатылса, накта киреше 18 миң сом болуп жатпайбы. Ал эми 100 бал челектен бир жылда 1 млн 800 миң сом киреше таап жатам. Мунун ичинде чыгашасы бар. Чыгашага аз эле сарпталат. Кышында малга кеткен тоютту салыштырып көрсөңүздөр. Кайсынысы кирешелүү экени ачык билинет.

Мен мындан сырткары онго жетпеген кой да кармайм. Аны кичүү кызым Настя сабактан соң кайтарат. Мага да жардам берип, бал аарычылыкты үйрөнүп келет. Райондун айылдарынан жаш балдар үйрөнүп, менден сабак алышат. Мен алардан акча деле албайм. Кыргыз балдардын кызыгып жатканына кубанам.

Аялым Татьяна 47 жашта. Туулган жери Кайыңды шаары. Үч балабыз бар. Кудайга шүгүр. Мен диндеги адаммын. Сүрөткө түшкөндү жактыра бербейм. Үйдө сыналгы да көрбөйм. Бош мезгилимди балык уулоо, козу карын терүү менен өткөрөм. Болгон жашоом ушул. Жөпжөнөкөй эле жашап келем. Азыркы турган жерибизди ижарага алганбыз. Күн жылыганда тоо этегиндеги айылдарга көчүп кетебиз. Ошентип, кайсы жерде гүл, өсүмдүк көп болсо, ошол жерди жердейбиз», - деди ал.

Кыргызстан мал чарбасын өнүктүргөн өлкө. Бирок бардык шарты бар, жаратылышы кооз жергебизде бал өндүрүүнү мамлекет мындан да жакшы колго алса, өтө кирешелүү тармакка айланып, бизнес чөйрөсүнө таанылып, экономика өнүкмөк. Мал кармагандан бал өстүрүү он эсе кирешелүү тармак деген пикирин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×