Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЖайыл району 07.04.2019 15:42 На русском

Айылдык кеңештин депутаты Жайылдагы «эң бай» айыл өкмөттүн башчысы болду (сүрөт)

Turmush -  Бактыбек Жунушев Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Аны жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү жолу аркылуу шайлашкан.

2-апрель күнү Ак-Башат айыл аймагында жаңы айыл өкмөт башчысын шайлоо үчүн атайын жыйын уюштурулган. Ага айылдык кеңештин 21 депутаты, Жайыл районунун аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын Жайыл району боюнча өкүлү Нурадил Жумабаев, айыл өкмөттүн аппараты жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 3 талапкер ат салышкан. Алар — айылдык кеңештин депутаты Бактыбек Жунушев, айыл өкмөттүн жер маселеси боюнча башкы адиси Алмазбек Карагулов жана убактылуу жумушсуз Уланбек Карымбаев. Талапкерлер добуш берүүнүн алдында жыйындын катышуучуларына өз программасын тааныштырышкан.

Бирок шайлоонун 1-турунда жаңы айыл өкмөт башчысын аныктоого мүмкүн болгон жок. Анткени ар бир талапкер жеңишке ээ болуу үчүн 21 депутаттын жарымынан көбүнүн, тактап айтканда 11 депутаттын добушуна ээ болуш керек болчу. Шайлоонун 1-турунда Б.Жунушев 9 добушка, А.Карагулов 4 добушка жана У.Карымбаев 7 добушка ээ болгон. 1 депутат баарына каршы добуш берген. Анын жыйынтыгында У.Карымбаев жана Б.Жунушевдин ортосунда шайлоонун 2-туру өткөрүлгөн. Натыйжада Б.Жунушев 14 добушка ээ болуп, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган. Анын атаандашы У.Карымбаев 7 добушка ээ болгон.

Б.Жунушев шайлоонун алкагында айылдык кеңештин депутаты болгондуктан, добуш берүүгө укук алган.

Буга чейин Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Канатбек Үмөталиев иштеп келген. Ал 6-мартта кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын Turmush басылмасы билдирген. Жайыл районунун акими Т.Ногоев анын арызын кабыл алып, кызматынан бошоткон.

Жайыл районундагы айыл өкмөттөрдүн ичинен Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бюджети «эң бай» деп саналат. 2018-жылы анын бюджети 28 млн сом болсо, бул жылы 35 млн сомго көбөйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×