Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 02.04.2019 12:11

Погончон айым: 31 жаштагы Нургүл Калмурзаеваны көчөдөгү өспүрүм бала катуу коркуткан (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн эсепке алуу жана каттоо тобунун инспектору, милициянын улук лейтенанты Нургүл Калмурзаева 6 жылдан бери талыкпай эмгектенип келет. Ал жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясында эмгектенип жүргөндө клей жыттаган баланын окуясына күбө болуп, катуу корккон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бизде кызыктуу окуялар көп эле болот. Бирок анын баарын эстеп кала бербейсиң. Бир окуя эсиме келди. Анда мен жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясында болчумун. Жумуштан келе жатып, отургучта эки өспүрүм бала бири-бири менен сүйлөшүп отурганын көрдүм. Мен аларга маани бербестен өтүп кеттим. Аңгыча болбой эле бирөөсү кыйкырып, жардамга деп жиберди. Артымды карасам, экинчиси жерде жатат. Мен анын оорусу бар го, ошонусу кармап калдыбы деген ойдо чуркап бардым. Анын жанына барганда да ага эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Анын өңү кубарып баштады. Мен коркуп кетип, телефонум менен тез жардам чакырдым. Тегерегимдеги адамдарды дагы жардамга чакырдым. Ошол маалда, ары жактан бир киши чуркап келип, "менин унаам бар, ооруканага алып бара салалы" деп калды. Биз баланы колго көтөрүп алып, анын унаасына чуркадык. Ошентип жакын жердеги ооруканага жеткирип бардык. Дарыгерлер дароо кабыл алып, анын жанындагы жүргөн бала ата-энесине бул окуя боюнча кабар берди. Ата-энеси келгенде биз чындыкты билдик. Көрсө ал бала клей жыттап жүрчү экен. Жүрөгү да ооруйт экен. Дарыгерлер "убагында алып келбегенде бала эмне болмок, айта алмак эмеспиз" дешти», - деди ал.

Нургүл Калмурзаева милиция тармагын мектеп курагында эле тандап, кыялдана баштаган.

«Милиция кызматкери болууну мектеп курактан бери кыялданчумун. Эмнеси экенин билбейм, ошондо эле адамдардын укугун коргогум келчү. Алсыздарга жардам берип, кылмышкерлер менен күрөшөм дечүмүн. 2010-жылы ИИМдин алдындагы окуу жайга курсант катары кабыл алынып, аны 2013-жылы аяктадым. 2013-жылдан 2014-жылга чейин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясында эмгектенип, 2015-жылдан 2017-жылга чейин ушул эле райондук ички иштер бөлүмүндөгү аналитика тобунун испектору болдум. 2018-жылдан баштап Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн эсепке алуу жана каттоо тобунун инспектору болуп иштеп келе жатам. Ошол эле маалда 2017-жылы ИИМдин академиясынын сырттан окуу бөлүмүн аяктап алдым. Бир нече жолу Бишкек ШИИББдин ардак баракчалары менен сыйлангам. Ошондой эле спорттук мелдештерге да катышып, ийгиликтерге илинип жүрөм», - деди ал.

Нургүл Калмурзаева 1987-жылы төрөлгөн.

«Атам Айтаалы Калмурзаев Бишкек шаардык суу канал ишканасында эмгектенет. Апам Галина Сагынбаева үй кожойкеси. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Өзүм азырынча бойдокмун. Ата-энем менен бирге жашап, алардын неберелерин тарбиялап, багышууга жардам берип келем.

Жумуштан келгенден кийин үй жумуштары менен алекмин. Даамдуу тамак-аштарды жасоо хоббим десем болот. Өзгөчө жана даамдуу тамак-аштарды жасаганга аракет кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×