Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусу, Кара-Балта 02.04.2019 10:20 На русском

51 жаштагы кишинин жанын алган батирдеги өрт жана куткарылган 3 бала. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда куткаруучулар кара түтүн каптаган батирден 3 баланы алып чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган кырсык ушул жылдын 26-мартында саат 08:30 чамасында Кара-Балта көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө катталган. Куткаруучулардын тобу балдардын апасын чакырышкан.

«Окуя болгон жерге келген кезде өрттүн булагы 5 кабаттан турган турак үйдүн 3-кабатында экендиги аныкталды. Өрт өчүрүүчүлөрдү 4-кабаттагы батирде жашаган аял чакыркан. Анын батири өрт чыккан үйдүн үстүндө жайгашкан. Үй-бүлө түтүнгө ууланып башташкан.

Аталган аял бизге телефон чалып, батирде 3 кичинекей бала бар экенин айтты. Ошондой эле тепкич тарап түтүнгө толуп, ал жерден чыгуу татаал экендигин кошумчалады.

Куткаруучулар экиге бөлүнүп, биринчи топ 3-кабаттагы өрттү өчүрүүгө, ал эми экинчи топ батирдеги балдарды куткарууга киришти. 3-кабаттан истүү газга ууланган 51 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Биздин куткаруучулар 3 баланы — бир жашар, 10 жана 14 жаштагы балдарды куткарып чыгышты», - деди Жайыл райондук өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү бөлүмүнүн улук офицери Байыш Мукашев.

Балдарды батирден өрткө каршы күрөшүү кызматынын куткаруучулары — Бахтияр уулу Эльдияр менен Рашид Абуев куткарып чыгышкан.

Байыш Мукашевдин маалыматына караганда, өрттүн себеби (алдын ала версия боюнча) — чылым чегүү учурундагы олдоксондук. Каза болгон киши керебетте чылым чегип жаткан учурда чок түшүп, матрац, андан кийин керебет жана башкалар күйүп баштаган. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине берилген.

Адистердин кеңеши: Таштандыны өрттөп жатканда кандай эрежелерди сактоо керек?

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×