Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуЖайыл району 01.04.2019 17:32 На русском

Мекендештер: Чүйлүк Зулкарнайн Америкада машыгып, эр таймаштарга чыгууда (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Беловодск айылында чоңойгон 27 жаштагы Зулкарнайн Камчыбеков Америкада машыгып, эр таймаштарга чыгып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Американын Филадельфия шаарында жашап жатат.

«Өзүм кичине кезимден эле спортко жакын болдум. Анткени атам спорт менен алектенген адам эле. Мени дагы 8-классымдан баштап эркин күрөш боюнча машыгууга алып барган. Ошол күндөн тарта эле спорт менен келе жатам. Окуучу кезимде грек-рим күрөшү боюнча бир катар ийгиликтерге жетишкем. Азыркы учурда мекенден алыс Америкада жүргөнүмө 5 жылдын жүзү болду. Кыргызстандан кыялданган ой-максатты бул жактан мыкты машыгуулардын артында ишке ашырып жатам. Албетте алгач келгенде оңой болгон жок. Кыйынчылыктар көп болду. Тил билбей кыйналдым. Ошол учурда эмнеге мектептен окуган жокмун деп, өзүмө-өзүм нааразы болуп жаттым. Башка элге барып алгандан кийин иштеш керек. Ал жерден атайын тилин үйрөнөйүн десең жумуштан бошобойсуң. Ошентип залга барып, жалаң америкалык балдар менен достошуп, машыгуумду уланттым. Аны менен катар англис тилин жакшы өздөштүрүп кетим. Азыркы учурда бул жактагы клубдарда Кыргызстандын атынан эрежесиз эр таймаштарга чыгып турам. Апрель айында Кыргызстандын артынан дагы бир мелдешке чыкканы турам. Буйруса даярдыктар жакшы. Дагы бир жолу желекти колго алып, бийик көтөргөнгө аракет кылып жатам», - деди ал.

Зулкарнайн мырза учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×