Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 01.04.2019 16:27

Айыл турмушу: Алгачкы  ырлар  жыйнагын өз ысымынан атаган Ашымалы Сыдыковдун жашоосу

Turmush -  80 жаштагы Ашымалы Сыдыков Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Кайырма айылынын тургуну. Анын балалык, жаштык курагы кадимки элеттик жаштардай эле айыл жергесинде өттү. Токтоо мүнөзү, акыйкат чечимге тез келген аракети менен 17 жыл агартуу тармагында, 40 жылдан ашуун мезгил ички иштер кызматында иштеди. Анын чыгармачылык жолу, өрнөктүү өмүрү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ашымалы», «Пародия», «Бос тектир», «Шаркыратма» китептеринин автору, Апрель революциясынын баатыры А.Сыдыков учурда ардактуу эс алууда. Бирок жаштайынан эл менен аралашып жетилген карыя Панфилов районунун, өзгөчө Вознесеновка айыл өкмөтүнүн коомдук иштерине, аксакалдар кеңешине активдүү катышып келет.

«Мен 4 китеп чыгардым. Анда негизинен поэзияга багытталып, ыр саптары жүрөгүмдөн жаралган. Өзгөчө, "Пародия" аттуу китебимде турмуштун терс жактарын кызыктуу саптар менен чагылдыргам. Ыр жазуу балалыктан башталган. "Кыргызстан пионери", "Ленинчил жаш" жана башка басылмаларга байма-бай чыгып турчу. Азыр да ыр жазам. Талант карыбайт да, картайтпайт да тура. Алгачкы ырлар жыйнагымды өз атымдан "Ашымалы" деп атагам. Окурмандар дайыма "эмнеге өз атыңызды коюп алгансыз?" деп сурашат. Өз атымды китепке койгум келген да. Ошол эле болгон чоо-жайы. Ыр жазганда кадимкидей эргүү алам. Бүткүл оюм тазарып, адамдарга жакшылык гана каалагым келет. Өз столумда көпкө гезит-журналды барактап, анан сыналга көрүп, кээде неберелеримди ээрчитип сейилдейм. Ыр менен жашаган жакшы экен. Билбейм, мен үчүн ошол сезим түбөлүктүүдөй элес берет. Мугалимдик кесипте жүргөндө азыркы жаштардын элибиздин нукура улуттук каада-салттарын, ыйык жөрөлгөлөрүн билбей калганына зээним кейий берчү. Азыр да ошол ойдомун. Мисалы, эжигей, жуурат жана башка этно тамак-ашыбызбы азыркы жаштар биле беришпейт. Себеби, көп колдонбой келебиз. Аларда да күнөө жок. Тээ байыртадан ата-бабаларыбыз аздектеп келген баалуулуктар жеткирилбей келет. Азыркы жаштардын "Манас" эпосуна түшүнбөй жүргөнү да ошондон. Анда эски сөздөр көп колдонулат. Анын маанисин чечмелеп түшүнө алышпаган соң мазмунуна, негизги идеясына сүңгүп кирип кете алышпайт. Ушул тармакта да жазып, окурмандар үчүн колдонмо китепче кылып чыгарсамбы деген ойдомун», - деди ал.

Ашымалы Сыдыков: «Айыл жергеси менен шаардын ортосунда жашоо образы кескин айырмаланганы менен типтүү кемчиликтер көңүлдү оорутат. Айрым жерлерде бүт эле чет тилдеринде көрнөк-жарнактар. Мейли чоң шаарларда жагдай ошондойдур. Ал эми айылдачы. Бүт эле кыргыздар жашаган жерде англис, корей, кытай тилиндеги жазуулар айрым жерде турганын көрүп, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзүнүн терс таасирин тийгизип жатабы деген ойдомун. Биздин район айылдар мындай көрүнүштөргө жол бербей келет. Залкар акын Алыкул Осмоновдун туулган жерин, касиеттүү элинин нарктуу, барктуу баалуулуктарын таза сактагыбыз келет. Менин "Ашымалы" аттуу китебимдин, ырлар топтомумдун негизги өзөгү, уюткусу ушунда жатат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×