Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Чүй облусуЖайыл району 16.04.2019 22:00

Айыл турмушу: Кадырбай Кулубаев — Кызыл-Ойдун «жөнөкөй миллионери»

Turmush -  Кадырбай Кулубаев 1969-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Ой айылында төрөлгөн. Ал 20 жашынан бери мал чарбачылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүмдүн ата-бабам дыйкан болгон. Жада калса айыл ичиндеги биринчи дыйкан болгон десем жаңылышпайм. Кийин 1990-жылдары союз тарап, бир аз кыйынчылыктар болуп, атам мени малга өт, ушул малды көбөйт деген. Армиядан келип эле мал чарбачылык менен алектенип калдым. Ошондо 20 жашта болчумун. Ал кезде атамда 34 жандык, 4 бээ, 6 уй болгон. Ошону курап отуруп азыр жандыктардын саны 600гө, бодо мал 60га жетти. Ал эми жылкы баласы аз. Он чактыдай эле. Келечекте жылкы баласын көбөйтөйүн деген оюм бар. Өзүм кичинекей кезимден эле атамды ээрчип жүрүп, малга жакын болуп чоңойдум.

Малдын да кыйынчылыктары болот. Аны багып, өстүрүү деле оңойго турбайт. Малдын да малдай азабы, түйшүгү болот эмеспи. Жаш кезимде малдын түйшүгүн сезбесем керек. Бирок улам жаш өтүп, мал көбөйгөн сайын жалгыз алым жетпейт. Жылына койго, уйга өзүнчө экиден жумушчу алам. Аларга акы төлөйм», - деди ал.

Кадырбай Кулубаев: «Ал эми тоют жагын айтсам көп деле кыйынчылык болбойт. Себеби, айылыбыз мал киндиктүү, тоютка бай жер болгондуктан, малдарды кышкысын кыштоого, жайкысын жайлоого коё беребиз. Кышкы да, жайкы да жайыттарым кудайга шүгүр. Март айында төлдөгөндө эле айылга алып келем. Ошондо 500- 1000дей түк чөп сарпталат.

Сырттан башка малдарды деле алып келбейм. Атамдан калган уйларды эле улам курап, жакшы букаларды кошом. Жайытка айрым уйларды алып калып, калгандарын сатып иргеп турам. Аларга деле өзгөчө семиртүүчү жемдерди бербейм. Жалаң эле чөп менен багылат. Болгону тубар уйлардын бооздоруна жем берем. Малдын түйшүгү болгону менен пайдалуу жактары бир топ эле. Баккан түйшүгүн, кеткен чыгымын өздөрү актайт. Мисалы, мурда жайлоолорго чыгып, уй, бээ саап, алардын сүтүн, майын, кымызын сатып пайда көрчүбүз. 2-3 жылдан бери шартка байланыштуу, үйдө карыган киши болгондуктан дагы жайлоого чыкпай калдык. Сүтү деле иштетилбейт. Торпоктору энелерин эмип чоңоёт. Ошон үчүн да торпоктору эки эсе чоң болуп, жакшы баа болуп берет. Алардын баасы жашына жараша болот. Мисалы, 2,5 жашар торпоктору 60-70 миң сом болсо, музоолору 30-35 миң сомго чейин бааланат. Ал эми эчки баласын бакпайм. Себеби, эчки баласы жайытта тынчы жок, кирешеси аз мал болот», - деди.

Кулубаев Кадырбай 5 баланын атасы.

«3 уулум жана 1 кызым бар. Улуусу окууну бүтүп, Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жатат. Келинчегим өзүбүздүн коңшу айылдан болот. Экөөбүз 1995-жылы баш кошконбуз. Ошондон бери келинчегимдин күчү менен жайлоого чыгып, мага жөлөк болуп жүрөт. Атам 90 жашында көзү өтүп кетти. Апам болсо 90 жашка чыгайын деп калды деди», - ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×