Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуМосква району 31.03.2019 14:24 На русском

Поезд жеңил унааны 10 метрге чейин ыргыта сүзүп, эки адам мерт кетти. Окуя болгон жерден сүрөттөр

Turmush -  Бүгүн, 31-мартта Чүй облусунун Москва районунда поезд жеңил автоунааны сүзүп кетти. Бул окуяны Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.

Такталган маалыматтар боюнча, жол кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болгон. Алардын бири - 1 жаш 4 айлык кыз. Ал ооруканага жетпей чарчап калган.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган кыз учурда Москва райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан жабырлануучунун баласы. Дарыгерлердин айтымында, 1992-жылы төрөлгөн Айнура ооруканага оор абалда түшкөн.

“ Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бардык керектелүүчү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп билдиришти ооруканадан.

Кырсыкка кабылган унаа Бишкектен Жалал-Абадды көздөй бара жаткан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, поезддин рельсинин темирлери чыгып кеткен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, поезддин рельсинин темирлери чыгып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×