Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуАламүдүн району 29.03.2019 17:10 На русском

Бурулайдын өлүмү: Айыптоочу соттон 5 милиционерди 5 жылга кесүүнү суранды

Turmush -  29-мартта Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча соттук териштирүү иштери улантылды. Анда 5 милиционердин иши каралды.

Соттун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу соттон бардык 5 милиционерди күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын кабыл алууну суранды.

Жактоочу ЖКККББнын эки кызматкерин актоону суранды. «ЖКККБнын кызматкерлеринин аракети аларга берилген беренеге туура келбейт. Алар административдик жазасын алышкан. Алардын иш аракети адам өлүмүнө алып келген эмес. Алар кызды жана айыпталуучуну бир унаа менен РИИБге жеткиришкен. Бирок бара жатканда кызга эч кандай зыяны тийген эмес. Эгер бул учурда кызга кандайдыр бир зыян келтирилсе, анда күнөө буларда болмок», - деди ал.

Ошондой эле соттон башка 3 милиционерди 2,5 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын кабыл алуу жана алардан материалдык жана моралдык зыяндын ордун өндүрүүнү суранды.

19 жаштагы Бурулай Турдалиева 2018-жылдын май айынын аягында Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн.

Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту М.Бөдөшевду күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркиндигинен ажыраткан жана мүлкүн конфискациялаган. Ал эми А.Сеитов 7 жылга камалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×