Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуСокулук району 29.03.2019 14:21 На русском

Сокулуктагы Крупск айыл өкмөтүнүн футболчулары Казакстандагы турнирге барып келишти

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Крупск айыл аймагынан чыккан футболчулар бишкектик футбол командага кошулуп, Казакстанга мелдешке барып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар жана спорт бөлүмүнөн билдиришти.

«Крупск айыл өкмөтүнүн футбол клубунан 7 спортчу Бишкек шаарындагы командага кошулуп, Казакстандын Шымкент шаарында өткөн мелдешке барып келишти. Аталган мелдеш Нооруз майрамынын урматына өткөрүлгөн. Ага 2005-2006-жылы төрөлгөн жаш спортчулар барышты. Анда жалпы 15 команда ойноп, биздин футболчулар 4-орунду алып келишти», - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×